20.02.2019 11:57

Токой чарба мамлекеттик агенттигинде каржылык бузуулар бар экенин аныкталды

Токой чарба мамлекеттик агенттигинде каржылык бузуулар бар экенин аныкталды

КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудит мекемеде каржылык бузуулар бар экенин аныктады. Бул туурасында КР Эсеп палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, агенттиктин 2016- жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды,  Республикалык жана жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддору тарабынан 2014-2016-жылдары жаратылышты коргоо иш-чаралары үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышына аудит жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, 15 млн. 275 миң сомго каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен: акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу –510 миң сом, каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 13 млн. 833  миң сом, бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 640 миң сом жана Социалдык фонддун бюджетине кошумча кошуп эсептелген кирешелери -291,5 миң сом.

Аныкталган каржы бузууларынын ичинен 13 млн. 467 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен 1 млн. 764 миң сом калыбына келтирилген.

Мындан сырткары, аныкталган резервдер жана бюджеттин жоготуусу – 91 542 миң сом жана рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7930,1 миң сом. Булардын ичинен 5767,2 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен 2816,4миң сом калыбына келтирилген.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агентигиндеги мыйзам бузуулар боюнча фактылар Башкы прокуратурага берилди.